Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 06:49да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Токтогул районунун Арал айылында 2 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.