Жаңылыктар
Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө

Мамлекеттик салык кызматы Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык бүгүнкү күндөн тартып контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Долбоордун максаты – колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуу, коррекцияланбаган түрдө сактоо, иштеп чыгуу жана берүүнүн жаңы технологияларын апробациялоо.

Долбоордун башталгандыгына байланыштуу Салык кызматы ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкердик субъекттерди бул долбоорго ыктыярдуу негизде катышууга чакырат.

Долбоордо аппараттык, ошондой эле программалык ККМдин жаңы моделдери катышуучуларга акысыз негизде сынамык катары берилет.

Долбоорго катышуу – салык төлөөчүлөргө ККМди бекер алууга, бизнес жүргүзүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга салым кошуусуна мүмкүндүк берет.