Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамдын максаты Кыргызстан жана Венгрия Өкмөттөрүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат. Фонд Кыргызстандын экономикасынын алгылыктуу тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерине карата башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу каржылашы күтүлөт.
Бул боюнча Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда экономикалык тармакта кызматташуу, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалып жатат. Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.