Борбор калаада мамлекеттик ипотеканын пайызын төмөндөтүү өтүнүчү менен дарыгер, мугалимдер тынчтык митингине чыгышты.
Чогулгандардын айтымында, буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык пайыздык ченди 4 пайызга чейин түшүрүүнү убада кылган. Бул "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында ишке ашмак. Бирок бүгүнкү күнгө чейин программа ишке кирбей жатканын билдиришти.
Митингге чогулгандардын алдына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы чыкты. Ал аталган программа боюнча иштер жүрүп, бүгүнкү күндө 6 миңден ашуун адамдын арызы кабыл алынганын айтты. Ошондой эле ушул айдын аягына чейин ипотеканын пайызы төмөндөтүлө турганын билдирди.