Жаңылыктар
КМШ оюндары: өлкө капчыгында дагы 5 медаль
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ оюндары: өлкө капчыгында дагы 5 медаль

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 5 медаль жеңди. 125 кг салмак категорияда Арсланбек Турдубеков күмүш медаль тагынды. 

Ал эми, Нурканат Кайыпбердиев, Бекмамат Бейшенов, Бакберди Мирсланбеков жана Баяман Мыктыбеков коло байгенин ээси болушту. Аталган спорттун түрү боюнча жалпы медалдардын саны боюнча Кыргызстан 3-орунда. 10 медаль менен тизменин сап башында Россия, 2-орунда 9 медаль менен Өзбекстан турат.