Брюсселде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.
Анда тараптар кыргыз-европа кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык формат алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы учурдагы долбоордук ишмердүүлүгү, ошондой эле жаңы долбоорлор боюнча сөз болду.
Мындан сырткары, 2021-2027-жылдарга карата иштелип чыккан көп жылдык индикативдик программанын алкагында конструктивдүү пикир алмашуу болду. Европа Биримдиги өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда Кыргызстанга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.