УКМК ошол кездеги Президенттин Аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Алманбет Салиевге карата мыйзамсыз баю фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнү улантууда.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Салиев өлкөнүн мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, анын ичинде Президенттин Аппаратынын башчысынын орун басары болуп турган кезде, кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаган. Мүлктөрү 70 миллион сомдон ашык бааны түзөт, бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору.
Мындан тышкары, тергөө учурунда Салиевдин өлкөнүн Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экендиги жана пайда көрүү үчүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар сот органдарына жөнөтүлөт.