Бүгүн парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардан билдирме алуунун мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына 75 саясий партиядан документтер түштү. Эми парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.