Президент Садыр Жапаров "Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө" кол койгон жарлыгына ылайык, октябрдан тарта пенсия орточо 500 сомго көбөйтүлөт. Жыйынтыгында пенсиянын көлөмү 6 миң 248 сомду түзүп, республикалык казынадан 154 млн сом, ал эми Социалдык фонддон 830 млн. сомдон ашык каражат каралат.