Жаңылыктар
«Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» макам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
«Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясына «улуттук» макам берилди

"Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясына "улуттук" макам ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Окуу жай робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия багыттары боюнча билим берип келет. Академияга "улуттук" макамын ыйгаруу жаш жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, ошондой эле чет элдик жогорку илимий-изилдөө окуу жайлары менен кызматташууну жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Ринат Кадырбеков “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясынын окуучусу. Он чакты баладан турган тайпа робот жасоо менен алектенишет. Азыркы учурда жаңы эмгектин үстүнөн иштеп жатышат. Ал адам жумушун жасай турган кадимки робот болмокчу. 

Робот үй оокаттарынан тартып тоо кен иштерин аткарууга ылайыкташтырылат. 

Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, ойлоп табуучулук, сүрөт тартуу, шахмат жана башка бир катар багыттар боюнча билим берет. Академияда 1800дөн ашуун бала окуйт. 

Ушул жылдын май айында окуу жайга президент Садыр Жапаров барып, педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушкан. Алар мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, окуу жайды модернизациялоо боюнча бир катар сунуштарын айтышкан. Адистер окуу жайга «улуттук» макамынын ыйгарылышы жаш жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, ошондой эле алардын чет элдик алдыңкы илимий-изилдөө институттары жана илимий-техникалык университеттер менен кызматташуусун арттырууга мүмкүндүк берет.

Өлкө башчысынын тапшырмасы менен мекеменин педагогикалык инновацияларды кеңири жайылтуу потенциалын чыңдоо жана кошумча билим берүүнүн жаңы технологияларын топтоо максатында каржылоосу көбөйтүлүп, мындан сырткары, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу каралган. Жакын арада спорттук аянтчалардын ачылышы күтүлөт. Окуу жайдын тарбиялануучулары буга чейин эле дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчү аталып, ойлоп табуучулук багытта жыл сайын жаңы ийгиликтерди жаратышууда.