Бишкек-Ош жолунун 132-чакырымынан 141- чакырымына чейинки жол капиталдык ремонттон өтүп жатат. Бул аралык Төө-Ашуунун күңгөй жак бетине туш келет. Ашуунун бул тилкесинде жол начар болгондуктан айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү бир топ түйшүккө салып келген. Жол оңдоо жумуштары суук түшкөнгө чейин аягына чыгарылат.
Жолчу Аскат Бузуке уулунун жол салуудагы милдети чоң. Төшөлүп жаткан асфальттын калыңдыгын көзөмөлдөө менен бирге, жолдун туурасын да карап, бир см да ичке киргизбей байкап турат. Мунун баардыгы көз алдындагы монитордон көрүнүп, жөнгө салынат.
Бир ай мурда башталган жол оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн кечиккен жок. Акыркы бир айда Төө-Ашуунун 3 чакырымдан көбүрөөк аралыгына асфальт төшөлүп бүтүп, ушул тапта экинчи катмары салынууда. Жол тейлөө ишканасынан кабарлашкандай, жол салуу иши атайын стандарттын негизинде жүрүп, баардык эрежелер сакталууда.
Ашуунун бийик жеринде аба ырайы тез-тез алмашып, жаанчыл болгондуктан, бир ай ичинде пландалган 8 чакырым жолдун теңинен азыраак бөлүгү гана оңдолуп бүттү. Эми төмөнкү аймакта ремонттоо иштери сентябрь аяктап бүтөт деп болжолдонууда.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек-Ош жолунда автоунааларын аягы үзүлбөйт. Анын 132-140 чакырымы акыркы 2-3 жылда аң-чөнөктөрүн утурумдук оңдоо менен гана чектелгендиктен, кыйма-чийме өткөн унааларга туруштук бере албай калган. Жолдун оңдолуп жактанына баарынан да айдоочулар кубанууда.
Кыргызстанда эл аралык жана республикалык маанидеги ири жолдор менен кошо ички жолдорду оңдоого да көңүл бурулууда. Өлкө экономикасынын күрөө тамыры деп эсептелинген жолдорду оңдоо иштерине жыл сайын мамлекет млндогон каражат бөлүп келет.