Жаңылыктар
Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму уланууда

Ош шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Түрк кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму уланууда. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген 50дөн ашык жаш делегаттар катышууда. 

Форумдун максаты - региондорду өнүктүрүү жана жаштар саясатынын алкагында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин ортосундагы боордоштук жана достук мамилени чыңдоо болуп саналат. Иш-чара 31-августта башталаган жана бүгүн жыйынтыкталат. 

Форумдун алкагында Түрк кеңешинин өлкөлөрүндөгү активдүү жаштардын ишмердүүлүгү туурасында илимий жана практикалык конференциялар, эркин темалар боюнча жолугушуулар, тегерек столдор уюштурулууда.Түрк кеңешинин Жаш лидерлеринин форуму 2018-жылдан бери өтүп келет.