Жаңылыктар
Аскердик учкуч, Ооган жана Баткен согушунун ардагери Болот Мамбеталиев каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Аскердик учкуч, Ооган жана Баткен согушунун ардагери Болот Мамбеталиев каза болду

Отставкадагы полковник, аскердик учкуч, Ооган жана Баткен согушунун ардагери Болот Мамбеталиев каза болду. Мамбеталиев ооган согушунда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки "Кызыл Жылдыз", "Кызыл Туу" жана Афганистандын "Элдин Достугу" ордендери менен сыйланган. 

Ал Ооганстандагы кандуу окуяларга катышкан жана полк командирине чейин жеткен жалгыз кыргыз болгон. Согуш майданына 1980-жылы жиберилип, ага аскердик атайын авиацияда радио чалгын жана ретранслятор аркылуу абадан аскерлердин командалык пункту менен үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо милдети жүктөлгөн. Мындан сырткары, алардын учактары атайын маалымдоо жана аба чалгын кызматын да аткарган.

Мекендешибиз кан майданда 640 ирет асманда учкан. Душмандарга каршы эки жыл согушкан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 9.30да Киргизия -1 конушундагы өзү жашаган үйдө өтөт жана анын сөөгү Гроздь айылындагы көрүстөндө жерге берилет. 

Отставкадагы полковникти акыркы сапарга узатуу маршруту Киргизия-1ден башталып, Түштүк Магистраль аркылуу Алматы көчөсүнө келип, андан түз Гроздь айылындагы мүрзөгө багыт алат.