Жаңылыктар
Республикадагы 25 автомектептин ишмердүүлүгү текшерилип, эскертүү берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Республикадагы 25 автомектептин ишмердүүлүгү текшерилип, эскертүү берилди

Респубилкадагы 25 автомектептин алып барган ишмердүүлүгү текшерилип, анын 16на эскертүү берилди. Эми эскертүүдөн кийин автомектептердин жетекчилигине кемчиликтерди жоюуга үч ай убакыт берилет. 

Бул мөөнөттө кемчиликтер жоюлбаса дагы бир жолу эскертүү берилет. Анда да талаптар аткарылбаса мыйзам боюнча автомектептин лицензиясын кайтарып алууга жол ачылат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында, автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин корутундусу менен Билим берүү жана илим министрлиги берет. 

Алардын талапка ылайык иш алып барып жатканы жыл сайын текшерүүгө алынат. Белгилей кетсек, Кыргызстанда баш-аягы 273 автомектеп бар. Алардын 65и мамлекеттик, калган 208и жеке менчик.