Жаңылыктар
Кыргызстанга акча которуулар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга акча которуулар көбөйдү

Кыргызстанга акча которуулардын агылып кирүүсүнүн өсүшү байкалды. Алсак, жыл башынан бери жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кирүүсү 31,1 пайызга жогорулап, 1,1 млрд АКШ долларынын тегерегин түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы инфляциянын динамикасына дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларына болгон баалардын өсүшү таасирин тийгизүүдө. 20-августка карата керектөө баалары жылдык мааниде 14,1 пайызга өскөн, ал эми жыл башынан тартып керектөө бааларынын өсүшү 6,3 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. 

Ошол эле учурда жашылча менен жемиштердин бааларынын сезондук арзандашы инфляциянын түптөлгөн динамикасына дефляциялык таасир тийгизген. Бир катар административдик баалардын жана тарифтердин наркынын жогорулашы мүмкүндүгү 2021-жылы жалпы инфляцияга кошумча салым кошушу мүмкүн.