Баткенде "Түштүк - 2021" аскердик машыгуусу башталды. 2-4-сентябрга чейин Баткен жана Ош облустарында өтө турган машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат.
Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты - аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.
7-9-сентябрда Кыргызстанда Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөт. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өтөт. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.