Кечээ, 1-сентябрда Ош облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жер титирөө 1-сентябрда саат 13:08де Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.