Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 984 адам эмдөөдөн өттү.
Республикалык штабдин билдиришкендей, анын ичинен 4 444 адам вакцинанын биринчи дозасын, 10 миң 540 жаран экинчи өлчөмүн алды. Өлкө боюнча жалпы 685 миң 718 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 455 миң 912 жаран экинчи компоненти менен эмделди.