Ички иштер министрлиги диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүүдө.
Бул багыттагы иштердин алкагында Ооганстанда болуп жаткан окуяларга байланыштуу өлкө аймагында социалдык тармактарда таралып жаткан ар түрдүү диний-экстремисттик маанайдагы чакырыктарга, постторго, кайрылууларга каршы туруу жана аларды алдын алуу максатында жалпы коомчулуктун арасында түшүндүрүү, агартуу иштери жүрүп жатат.
Республика боюнча жолугушуулар, семинар, тегерек столдор, кеңешмелер өткөрүлүп, 5 миңге жакын усулдук буклеттер, эскертмелер таратылды.