Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган заманбап Калкты тейлөө борборунун иши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев таанышты.
Борбордо паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоонун 26 түрү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Борбор күнүнө 500дөн ашык жаранды тейлейт. Күтүү залы, жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары, документтерди кабыл алган адистердин иш орундарынын бары ачык терезе форматында жайгашкан.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы өзүнчө шарттар каралган. Электрондук кезек иштейт, бөлмө ичинде иштин жүршүн көзөмөлдөө үчүн видеокамералар орнотулган. Республика боюнча мындай 29 Калкты тейлөө борбору иштеп жатат.