Пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнеске финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландары иштелип чыкты. Ага ылайык чакан жана орто ишканаларга үстөксүз 6 млрд. сом каралат. Ошондой эле коммерциялык банктардын насыя беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт. Учурда Экономика жана финансы министрлиги тарабынан бизнес коомчулугуна көбүрөөк кепилдик берүү аракети көрүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров пандемиянын кесепеттерин женилдетүү үчүн чакан жана орто бизнеске финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландары иштелип чыкканын билдирди.
Турукташтыруу фондуна жыл сайын республикалык бюджеттин 10 пайызы каралууга тийиш. Мамлекеттик казынанын 10 пайызы жогоруда айтылган 17 миллиард долларды түзөт. Азыр Стабилизациялык фондду түзүү үчүн бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилгени турат.
Андан сырткары, чакан жана орто бизнести коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн капиталы 24 миллион долларды түзгөн кепилдик фонд түзүлөт. Алар үстөгү жок насыяны ишкерлерге 100 миң сомго чейин 18 айга берет. Ал эми, юридикалык жактар 800 миң сомго чейин ала алышат. Бул боюнча Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы менен келишимдер ратификацияланып бүткөн.