Жаңылыктар
ӨКМ: Нарын облусунун Миң-Куш айылында жер көчкүсү катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Нарын облусунун Миң-Куш айылында жер көчкүсү катталды

31-августтан 1-сентябрга караган түнү жааган жамгырдан улам кыртыштын нымдалуусунун кесепетинен саат таңкы 4:00 чамаларында Миң-Куш, Ыраакы Миң-Куш унаа жолунун 3-4 чакырымында жер көчкүсү жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.  

Натыйжасына унаа жолдун түзүлүшү кыйроого учурап, жол каттамы жабылып калган. Түзүлгөн жагдайды жеринде баалоо үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш жүргүзүүдө. Комиссиянын курамында ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери да бар. Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш айылына кетүүчү унаа жолунун 3-4 чакырымына катуу жааган жаандын кесепетинен жер көчкүсү активдешип, унаа жолдун 100 метр аралыгын тосуп 2500 м3 кум шагыл түшүп калган.

Учурда Жумгал Суу курулуш көмүр казуучу ишканасынын 1 эксковатору, 2 Хово,1 бульдозери жолду калыбына келтирүү жумуштарын аткарууда.