Жаңылыктар
Садыр Жапаров Михаил Швыдкой, Полад Бүлбүл оглу жана Анатолий Иксановго сыйлык тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Михаил Швыдкой, Полад Бүлбүл оглу жана Анатолий Иксановго сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, Азербайжандын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун башкармалыгынын Төрагасы Полад Бүлбүл оглу жана аткаруучу директору Анатолий Иксанов менен жолугушту. 

Мамлекет башчысы Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун башкармалыгынын алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданият аралык байланыштарын чыңдоо боюнча активдүү иш алып барылып жатканын белгиледи. Президент Кыргызстандагы долбоорлорго Фонд тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлүп тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров белгилегендей, Фонд тарабынан жыл сайын 25 миллион рублдан ашык суммага кошумча каржылоодо орто эсеп менен 5-6 долбоор колдоого алынат. "Каракол –Шериктештиктин маданий борбору — 2022" долбоору алдыда ишке ашуусу күтүлгөн ири долбоорлордон болуп саналат. Президент Михаил Швыдкойдун, Полад Бүлбүл оглунун жана Анатолий Иксановдун Шериктеш өлкөлөр деңгээлиндеги маданий байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы өлчөнгүс экенин белгиледи.

Садыр Жапаров, Михаил Швыдкойду — тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу боюнча активдүү ишмердүүлүгү, мамлекеттер ортосундагы достук мамилени бекемдегени үчүн — "Данакер" ордени менен сыйлады. Полад Бүлбүл оглуна — элдер ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдегени үчүн — "Достук" ордени тапшырылды.

Ал эми Анатолий Иксанов — өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык жана руханий потенциалын көбөйтүүгө, мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.