Эгемендик күнүн майрамдоодон кийин “Тазалык” муниципалдык ишканасы Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 8 атайын техника ишке тартылган. Анын ичинен 5и таштанды жыйноочу, 3 суугаруучу унаа. Таң эртеден баштап ишкананын 60 кызматкери үзгүлтүксүз иштеп жатты. Анын ичинен 40 жумушчу жүктөгүч, тазалоочу жана 20 жумушчу жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери.
Тазалоо иштери түнкү саат 2ге чейин созулду. Аянтка жалпысынан дөңгөлөктүү 50 чоң пластик контейнер жана 10 металл евро контейнер орнотулган. Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду, чатырларды жана башка декоративдик элементтерди орнотушту.