Жаңылыктар
Бүгүн Жогорку Кеңеш ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Жогорку Кеңеш ишин баштады

Бүгүн, Жогорку Кеңештин X сессиясы расмий ачылды. Жыйында депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктаган төрага Талант Мамытов: “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деди. 

Ошондой эле төрага бүгүнкү күндөн баштап "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, фракциялардын жана комитеттердин иштери башталганын билдирди.