Бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Мындан тышкары, эртен, 2-сентябрда турак-жай жана батир, ошондой эле, жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктарды төлөөгө чакырат.
Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.