Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Акжол Махмудовго акчалай сыйлык жана 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.
Ош шаарында Эгемендүүлүк 30 жылдыгына арналган гала-концерттин алкагында шаар башчысы Алмаз Мамбетов Олимпиада оюндарына токтолуп, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго жана анын тренерлерине 200 миң сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды. Мындан тышкары, 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты менен сыйлады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган машыктыруучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды.