Кыргызстанда ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын жөлөк пулу 2022-жылдын 1-январынан тарта үч эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн.
Ал эми кыймыл аракети жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон балдар азыр 4 миң сом көлөмүндөгү жөлөк пул алып жатса, октябрь айынан тарта алар 6 миң, жаңы жылдан тарта 8 миң сом ала баштайт. Бул маселе азыр тиешелүү адистер тарабынан каралып жаткандыгын президент Садыр Жапаров өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата элге кайрылуусунун алкагында билдирди.
Ошондой эле 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү кайрадан эсептелип чыгып, жөлөк пул алган жарандарды колдоо максатында мыйзам жол берген эреже боюнча көбөйтүлөт.