Кыргыз Республикасынын 30 жылдык Эгемендүүлүк күнүнө карата, Кыргызстандын Япониядагы Элчилигинин баардык кызматкерлери Япониянын эң бийик Фужи тоосунун чокусуна чыгып, куттуктоо таратышты.
Элчи Мирлан Арстанбаев мекендештерди бүгүнкү майрам менен куттуктап, ачык асман, бакубатчылык жашоо жана токчулук, ал эми өлкөбүздө тынчтык, жылдан жылга мамлекетибиз өнүгүп өсө беришин чын жүрөктөн каалады.