Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери жана көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана эгемендиктин 30 жылдыгына «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 3-даражадагы "Манас" ордени менен Улуттук илимдер академиясынын Жеенбаев атындагы физика институтунун кристаллофизика жана радиометрия лабораториясынын башчысы Мустафа Кидибаев, укук коргоочу Турсунбек Акун сыйланат. Ал эми "Даңк" ордени укук коргоочу, адовкат Акин Токталиевге, "Эрдик" медалы Кубанычбек Жусуповго ыйгарылат. Ошондой эле "Даңк" медалы, өз ишинин мыктыларына эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген юрист, эмгек сиңирген экономист, эмгек сиңирген куруучу, мамлекеттик кызматка, транспорт кызматына, өнөр-жайга, айыл чарбага, ден-тарбия жана спорт тармагына эмгек сиңирген наамдары ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен бир катар кыргызстандыктар сыйланат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги жана активдүү кайрымдуулук иши үчүн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми Мохамед Елсаид “Достук” ордени менен сыйланды.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту чыңдоого кошкон маанилүү салымы үчүн Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.