Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо үчүн борбордук Ала-Тоо аянтына эл агылып келди. Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунан кийин аскердик парад, андан кийин жумушчулардын салтанаттуу жүрүшү болду.
Жүрүштүн көч башында маданият тармагынын өкүлдөрү басып өттү. Жүрүшкө жеке ишканалардын, райондук администрациялардын, жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттары жана башкалар катышты. Элдин майрамдык маанайы көтөрүңкү. Шаардыктар жана конокторго кечки саат 19:00дө эстрада ырчыларынын коштоосунда концерттик программа тартууланат.