Жаңылыктар
Эгемендүүлүккө 30 жыл. Кыргызстандыктар аскердик жана эмгекчилердин парадына күбө болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүккө 30 жыл. Кыргызстандыктар аскердик жана эмгекчилердин парадына күбө болушту

Кыргызстан көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп жатат. Мааниси терең эгемендик күнү майрамы Ала-Тоо аянтында уюштурулуп, кыргызстандыктар аскердик жана эмгекчилердин парадына күбө болушту. 

Алгач Президент Садыр Жапаров кыргыз элин майрамы менен куттуктап, суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстандын эгемендик жылдардагы басып өткөн жолуна, жакынкы 5 жылдагы аткарыла турган иштерге токтолду. Ал алдыдагы мамлекеттик саясат - жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын айтты. 

Мисалы, социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жөлөк пулдардын өлчөмү октябрдан баштап 50 пайызга, Келерки жылдын январынан тарта 100 пайызга жогорулайт. Ошондой эле, жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Мындан сырткары Президент өз куттуктоосунда Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом бөлүштүрүлөөрүн билдирди.