Жаңылыктар
Маданият ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият ишмерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Эгемендүүлүктүн 30 жылыгынын урматына бир катар маданият ишмерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. 

Мамлекет башчы, республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, төкмө-акын Замир Үсөнбаев 2-даражадагы "Манас" ордени менен, 3-даражадагы "Манас" ордени менен Тулкунджан Ахмадалиев, Мираида Далбаева, Анарбек Ибраев, Түгөлбай Казаков, Кулайым Каныметова, Айтурган Темирова сыйланды. 

"Даңк" ордени Камчыбек Дюшалиева менен Гүлсүн Мамашевага ыйгарылды. Чолпонбек Абыкеев менен Жаныш Кулманбетов эл жазуучусу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы 14 ырчыга, беш акынга эл акыны, эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланышты. Мындан сырткары, "Даңк" медалы менен 3 , эмгек сиңирген артисти наамы менен 32, маданиятка эмгек сиңирген ишмер ардак наамы менен 22, ардак грамота менен 20 маданият өкүлдөрү сыйланды.