Бир катар медицина кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын оперативдик хирургия курсу менен госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору Юсупжан Уметалиев "Даңк" ордени менен, Талас облустук согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ооруканасынын башкы дарыгери Эсенбай Сарногоев "Даңк" медалы менен сыйланды.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңи рген врачы" ардак наамы 37 дарыгерге, "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы 6 медицина кызматкерине жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы 32 медицина кызматкерине ыйгарылат.