“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Акматбек Сүйүмбаевге да ыйгарылды.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, Мекенге жан аябас кызмат кылгандыгы үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевичке каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.