Жаңылыктар
Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жусуп Абдрахмановго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон саясий ишмер, элинин чыгаан уулу Жусуп Абдрахмановго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат.