Москва өкмөтүнүн концерттик залында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт өттү. Ыр-бийден тышкары коноктордун көңүлү уз-чеберлердин эмгектери коюлган көргөзмөгө бурулду.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы Россияда да кеңири белгиленүүдө. Өлкөбүздүн дипломатиялык өкүлчүлүгү диаспоралык уюмдар менен биргеликте Москванын мыкты залдарынын биринде концерт өткөрдү.
Дипломаттар жана коноктор өткөн мезгилде көп нерсе өзгөргөнүн, доор жана муундар алмашканына карабай Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук өзгөрүүсүз бойдон калганын белгилешти.
Маданий кече элдин руханий өзөгү болгон "Манас" эпосунан үзүндү менен башталды. Жалил Садыковдун
"Манастын уулу Семетеий" спектаклинин үзүндүсүн "Аян" театрынын актерлору коюшту.
Бул кечеде артисттер менен ырчылар искусство аркылуу Кыргызстан менен Россиянын достугун чагылдырып беришти. Алар Улуу Ата Мекендик согуш темасын көз жаздымда калтырышкан жок.
Сахнада өнөрүн көрсөткөн таланттардын көбү Россиянын алдыңкы музыкалык окуу жайларынын студенттери.
Бул күнү эмгек мигранттарыбыздын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын белгилеп кетпесе болбойт.
Улуттук аспаптарда кол ойнотуп, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды ийине жеткире ырдаган өнөрпоз мекендештерибиз иш чаранын конокторуна ырахат тартуулашты. Иш-чарада кылымдарды карыткан кыргыз маданияты, эки элдин достугу даңкталды.