Жаңылыктар
ЖККУнун баш катчысы иш сапары менен Кыргызстанга келет
Кыргызстан жаңылыктары
ЖККУнун баш катчысы иш сапары менен Кыргызстанга келет

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась 31-августтан 2-сентябрга чейин иш сапары менен Кыргызстанга келип, өлкөнүн жогорку саясий жана аскерий жетекчилери менен жолугат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

ЖККУнун башкы катчысы 15-16-сентябрда Душанбе шаарында өтө турган ЖККУнун кезектеги сессиясына жана Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына даярдыкты талкуулап, ЖККУнун аймагындагы абал тууралуу маалымат берет.