Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду. Отуз жылдык мааракеге байланыштуу Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болду. Эгемендиктин 30 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында, чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде майрамдалууда. Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.
Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат.