Бишкек шаарында дагы бир жаңы парк ачылды. Калаанын тоолорго жакын үстү жагында жайгашкан "Ынтымак-2" сейил багына келгендердин саны күн сайын арбып жатат. Таза абадан дем алып, ойдогудай эс алуу үчүн бир эле шаардыктар эмес өлкөнүн баардык аймактарынан келип эс алгандар көп.
Сейил бактагы амфитеатр гранит,сары таш сыяктуу табигый таштар менен жасалгаланган. Дубалдары болсо саймалуу таш жана кыргыз петроглифтеринин көчүрмөлөрү түшүрүлгөн декоративдүү панелдер менен кооздолгон.
Өзгөчө улуттук баалуулуктарга басым жасалган сейил бактын бир жак бөлүгүндө комуздун инсталляциясы(орнотулган) менен эн чоң фонтан орун алса, экинчи жагында улуттук ордо оюну үчүн атайын аянтча каралган. Жалпы аянты 8 гектардан ашык сейил бакка эки тарабынан тең кирсе болот.
Коопсуздук үчүн атайын видеокамералар орнотулуп жакшы жарыктандырылган. Сейил бакта милиция бөлүмү ачылды. Мындагы милиция кызматкерлери эс алуучулардын коопсуздугун нөөмөт менен карап турат. Тартип сакчылары жаңы парк менен кошо жанындагы "Ден соолук" жана "Ынтымак" сейил бактарынын эс алуучулары менен конокторунун коопсуздугун да камсыздайт. Бөлүмдө милиция кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Бишкек шаарынын тургуну Зарина айымга балдар аянтчасы жагып жатат. Уул, кыздарын сейилдетип, селкинчек жана башка оюндарды ойноп кетишет.
Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да ойдогудай шарттар түзүлгөн. Атайын эне-балага арналган бөлмө менен медициналык борбор да бар. Ыңгайлуу түзүлгөн шартка эне-аталар да эс алуучулар ыраазы.
Эгемендүүлүк майрамынын алдында ачылган эс алуу жайга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да келип, “Ынтымак” паркы бардык кыргызстандыктарды бириктирген ынтымактын жайы болсун деген тилегин билдирген.