Мамлекет башчысы кол койгон жарлыка ылайык, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Эми саясий партиялар 3-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек. 14-октябрга чейин бир мандаттуу шайлоо округунан шайлоого катыша турган талапкерлер да өздөрүн көрсөтүшү керек. Ал арада БорШайком парламенттик шайлоонун календарлык планын бекитти.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү дайындалгандан кийин жети календардык күндөн кечиктирбей шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын тактап чыгышы керек. Ошондо ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын тизмесин, добуш берүүчүлөрдүн санын түзүп чыгып, бекитет.
БШКнын тизмесинде августка карата шайлоочулардын саны 3 млн. 658 миңге чукулдады. Бул санды 36га бөлө келгенде ар бир шайлоо округунда шайлоочулардын саны болжолдуу эсеп боюнча 100 миңден ашып түшөт. Бирок округдардын бөлүнүшү тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек. Ошондо Жогорку Кеңешке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланышы керек.
Ошондой эле, бул жолку мажоритардык система менен депутаттарды шайлоодо экинчи тур деген болбойт. Мурда “талапкер жалпы шайлоочулардын 50% добушун алыш керек” деген норма бар болчу. Эгерде талапкерлер бул чектен ашпаса, анда эң көп алган эки талапкер экинчи турга өтүп келген. Азыр ким көп добуш алса, ошол парламентке депутат болуп келет.
Ошентип буга чейинки шайлоолордо чырга себеп болгон №2 форма жок болот. Шайлоочулар паспортунда көрсөтүлгөн даректен гана добуш бере алат. Ошондуктан БШК шайлоочуларга паспортундагы дарегин бир сыйра тактап коюу керектигин эскертүүдө.