Мамлекет башчы Талас облусуна жасаган сапарынын алкагында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган "Урааным Манас!" театрлаштырылган маданий иш-чарага да катышты. Анда өлкө башчы көз карандысыз мамлекеттин түптөлгөн 30 жыл тарыхына токтолуп, кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу экенин айтып өттү. Театрлаштырылган иш-чара Манастын күмбөзү жайгашкан "Манас Ордо" улуттук комплексинде башталды. Алгач келгендер баатырдын арбагына багыштап куран окуп, каза болгондор эскерилди.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык салтанатка келген жергиликтүү тургундар көп болду. Пандемиянын айынан көптөн бери эл чогулган массалык иш-чаралар болбогондуктан бул ирет чогулгандардын маанайы көтөрүлүп, руханий жан дүйнөсү жаңыланып эгемен элге, келечек муундарга каалоо-тилектери менен бата берилди.
«Манас» эпосу бир кезде кыргыз эли Евразиянын мейкиндиктеринде көчмөн империяларды түптөгөн тектеш түрк элдери менен мүдөөлөш, рухташ болгонун даңазалаган таберик. Көчмөн цивилизациянын, байыркы түрк дүйнөсүнүн тарыхый жолунда, азыркы эгемендикке жеткен түйшүгүндө эпостун орду чоң.
Иш-чарада президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, көсөмдүк менен айтылган мындай насаат кептин үгүтүн улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал тарыхый жагдай ыроологон мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаруунун кедергиси канчалык оор тиерин айтып, эркиндикти эңсеген эл уулу Жусуп Абдрахмановдун аракетин мисал келтирди.
Мамлекет башчы 21-кылымда эркиндик менен кошо элге келген сыноо-түйшүктөргө да токтолуп, Кыргызстанды модернизациялоо жана жаңылоо максатын эске алып, быйыл жаңы редакциядагы Конституция кабыл алынганын, элдин колдоосу менен өлкөдө президенттик башкаруу формасы орногонун кошумчалады. Ал ошондой эле жакынкы 5 жылда мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын билдирди.
Эгемендүүлүккө арналган салтанатта кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, Айкөл Манас, Алымбек датка, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектакли коюлду. Иш-чара атамекендик эстрада ырчыларынын гала-концерти менен жыйынтыкталды.