Жаңылыктар
“Бала-Саруу” гидроэлектростанциясы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
“Бала-Саруу” гидроэлектростанциясы курулат

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. “Бала-Саруу” ГЭСи Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет. Жол картасына ылайык, ГЭС 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек. 

Энергетика - калктын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзүүчү негизги тармактын бири. Азыр энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу башкы милдет. Бул максатта Талас облусунда кичи энергетиканын локомотииви боло турган «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушу башталды. 

Киров суу сактагычында орун алган «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна Президент Садыр Жапаров капсула салды. Долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаВатт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал бир жылда орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт. “Бала-Саруу” ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бул чаралар Киров суу сактагычынын ишин жакшыртып, сугат сууну сарамжалдуу пайдаланууга да жардам берет. Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелүүчү каржы булактарынын көлөмү - 22,9 миллион доллар. Азыр долбоорду каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат. 

Президент тынымсыз аракет менен долбоор өз убагында аяктарына ишенет. План боюнча ГЭС кийинки жылдын соңуна дейре курулуп бүтүшү керек. Буга байланыштуу Садыр Жапаров бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Бала-Саруунун артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчам чечүү үчүн өз убагында эффективдүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Талас жергесинин күжүрмөн калкын стратегиялык мааниси бар чоң долбоордун ийгиликтүү башталышы менен куттуктап, дагы бир нече долбоорлор иштелип жатканын билдирди. Азыр «Бала-Саруу» ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Гүл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу пландалууда. Ошондой эле Камбарата ГЭС-1дин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатат. Букл долбоорлорду ишке киргизүү менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун толук чыңдаганга, бардык жарандарды жарык менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздаганга шарт түзүлөт.