Кыргызстандын көз карандысыздыгын, аймактык бутүндүгүн, улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу тышкы саясатты жүргүзүү улантылат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолукканда билдирди. Кыргызстан азыркы тапта бардык өлкөлөр менен саясий диалогду, өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн узак мөөнөттүү жана көп кырдуу кызматташууну өнүктүрүүдө. 30 жыл ичинде өлкө 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, 124 эл аралык уюмга мүчө болду.
Кыргызстандын эл аралык коомчулукта татыктуу орду бар. 30 жылдын ичинде дүйнөгө өзүн тааныта алды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон 194 мамалекеттин баары тааныйт. Ошондой эле Кыргызстан 165 мамлекет менен расмий дипломатиялык мамилелер жөнүндө келишимдерди түзгөн.
30 жыл эгемен өлкөнүн өнүгүүсүн объективдүү баалоого мүмкүндүк берген чоң мөөнөт. Көз карандысыздыкка жетишкенден кийин Кыргызстан союздаштарынын, стратегиялык өнөктөштөрүнүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаңы улуттук эгемендүү мамлекетти кура баштаган.
Дүйнөдөгү кыйынчылыктарга карабай тышкы байланыш токтогон жок. Кандай болгон күндө да мамлекеттер географиялык жактан алыс же коңшу болобу кызматташтыкка көпүрө боло турган кызматкерлер - булар элчилер. Ушундай милдетти аткарып жүргөн дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата жолугушту. Президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи.
Президент эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгонун эске салды. Өлкө көз карандысыздык жылдарда Кытай, Казакстан менен мамлекеттик чек ара сызыктарын такталганын айтып, азыр бул маселе боюнча суйлөшүү коңу Тажикстан, Өзбекстан менен уланып жатканын билдирди.
Улуттук жана аймактык деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматташууну күчөтүүнү талап кылат. Анткени, Афганистанда болуп жаткан акыркы окуялар бүтүндөй дүйнө жүзүн тынчсыздандырууда.
Кыргызстан ар дайым алга умтулуп, чет мамлекеттер менен алаканы ар тараптуу бекемдөө, туризм, экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө бел байлаган мамлекет. Бул багыттагы кадамдар “Тышкы саясаттын негизги этаптары” эл аралык илимий практикалык конференцияда белгиленди. Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери 30 жыл аралыгында Кыргызстан суверендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү татыктуу коргогонуна токтолушту.
Кыргызстан тышкы саясатта биринчи кезекте, саясий, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча, ошондой эле башка тармактар боюнча дагы конкреттүү макулдашууларга жетишүүгө умтулат. Президенттин Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан менен Тажикстанга болгон алгачкы иш сапарлары бул маселелерди чечүүгө багытталган чыйыр.