Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн деп шектелип жактан милиция эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
27-августтун кечинде болгон окуяга шек саналган милиция кызматкери 28-августта кармалган. Бул факт Жазык кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү" беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 29-августта окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.
Алар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат. Ишти Улуттук коопсуздук комитети тергөөдө. Бул окуя боюнча ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзөөрү кабарланган.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы мурдараак эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткенин, натыйжада андан жараат алган айдоочу көз жумганын маалымдаган. Социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тараган. Кийин басма сөз кызматы айдоочу укук коргоо кызматкеринин куралын талашпаганын билдирген.