Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Түркиянын борбору Анкара шаарында бир нече иш-чаралар уюштурулууда.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкаранын мэриясы менен биргеликте көркөм өнөр галереясында сүрөт көргөзмөсүн уюштурууда, анда Кыргызстандын тарыхы, экономикасы, инвестициялык шарттары, туризмдеги артыкчылыктарын баяндаган сүрөттөр коюлат. Эртең 31-августта Манастын айкели ачылат.
Ал эми кечээ "Тарых музейи жана паркынын" түрк дүйнөсүнүн улуу инсандарынын айкели жайгашкан бөлүгүндө Чыңгыз Айтматов менен Жусуп Абдрахмановдун эстелиги да орун алды.