Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда 1991-жылы өлкө тарыхый тандоосун жасап, ошол күндөн ушул күнгө чейинки Кыргызстандын басып өткөн жолун айтып, эгемендик жылдардагы жетишкендиктерин белгиледи. Президенттин айтымында оптималдуу өнүгүү моделин издеп, өлкө ар кандай сыноолорго кабылды, өйдө-ылдый жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай деңгээлде таасирин тийгизди.
«Ошол оор шарттарда Кыргызстан коомдогу пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, эл аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк үчүн, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди сактап кала алды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 124 эл аралык уюмдун мүчөсү. Алар менен саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн биз узак мөөнөттүү жана көп кырдуу кызматташууну жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндө.
"Биз стратегиялык өнөктөштөрүбүз, союздаштарыбыз жана дос мамиледеги өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдар экендигибизди сүйлөшүп, орток пикирге келдик. Ошондой эле биринчи кезекте, Борбор Азия чөлкөмү боюнча биздин кошуналарыбыз жана дүйнөнүн күчтүү мамлекеттери болгон Россия, Кытай, Түркия, андан сырткары стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдер түзүлгөн Индия жана Венгрия менен тыгыз байланыштарды өөрчүтүү ниетиндебиз. Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттары жана ишенимдүү өнөктөш Европа Биримдиги менен, ошондой эле башка Европа өлкөлөрү жана Азиянын, Түштүк Кавказдын, Орто жана Жакынкы Чыгыштын алдыңкы мамлекеттери менен конструктивдүү мамилелер түзүлдү. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мен өзүм сиздерге маанилүү жана жооптуу дипломатиялык ишмердигиңиздерге жардам көрсөтүүгө даярбыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.