Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпы кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Мындан 30 жыл мурда Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августу Кыргызстандын өз тагдырын өз колуна алган күн катары тарыхта түбөлүккө жазылды. Эркиндик - чоң кубаныч, чоң майрам, бирок ошол эле убакта аябагандай чоң жоопкерчилик. Ал жоопкерчилик бизге туш келди. Кийинки муундарга Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрүп, демократиялуу, байгер өлкөгө айландырып өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Өткөн 30 жыл биз үчүн жеңил болгон жок. Ишенимдүү өнүгүү жолуна түшө албай кыйналдык, чайналдык, ал көрүнүш дагы деле уланууда. Бирок, тандаган жолубуз, багытыбыз туура. Буйруса, кыйынчылыктардан чыгып, Кыргызстаныбызды гүлдөгөн демократиялуу өлкөгө айландырабыз, ал күн алыс эмес.
Мен сиздерди Көз карандысыздык майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, мына ушул жоопкерчиликке, тарыхый вазыйпага татыктуу болууга чакырамын! Көз карандысыздыгыбыздын кырмызы желеги кылымдарга желбирей берсин!
Ынтымакта, биримдикте, бекем ден соолукта, тынчтыкта жана бай-бакубат жашоодо бактылуу узак өмүр сүрүңүздөр! Ынтымак, биримдиктен өткөн байлык жок. Дайыма асманыбыз ачык, келечегибиз кең жана жарык болсун! - деп айтылат УКМКнын төрагасынын куттуктоосунуда.