Жаңылыктар
Кыргызстанда экономикалык саясаттын багыттары боюнча аналитикалык китеп жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда экономикалык саясаттын багыттары боюнча аналитикалык китеп жарык көрдү

Кыргызстанда алгачкы жолу экономикалык саясаттын багыттары боюнча аналитикалык китеп жарык көрдү. "Кыргызстан: Иденттүүлүктү издеген отуз жылдык жол" аталышындагы монография 500 нускада орус тилинде басылып чыкты. 

Китептин үстүнөн профессор, экономист Төлөбек Камчыбековдун жетекчилиги астында Кыргыз экономикалык университетинин окумуштуулары менен практиктери иштеди. Монографияда 1991-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы жетишкен ийгиликтер, кемчиликтер жана кийинки багыттар тууралуу жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөр камтылган. Көмүскө экономика, сырткы карыз, каржы сыяктуу жаңы институттар изилденди. Монография өлкөнү андан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык ойлорун түзүүгө багытталган. Китепти экономика багыттында иш алып баргандар окуу курал катары колдоно алышат.