Ала-Тоо аянтында эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аянтта даярдыкты көзөмөлдөөдө. Азыркы учурда салтанаттуу аскердик жүрүштүн даярдыгы өтүп жатат, адистер жабдуулардын техникалык тейлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө.
Майрамдык ишчараны уюштурууга бардык шаардык кызматтар жана төрт районунуну акимчилигинин өкүлдөрү тартылган.